Мамлекеттик түзүмдөрдүн каржылык мыйзам бузуулары 2019-жылы 1,5 млрд сомду түздү

18 июня 2021, 10:50

2020-жылы Эсепт палатасы 1,8 миңден ашуун уюмга аудит жүргүзгөн. Анын ичинен бюджеттик мекемелер - 1,3 миң, чарба жүргүзүүчү субъекттер - 251, жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер жана уюмдар - 201 жана башка уюмдар - 6. Бул тууралуу мекеменин отчетунда айтылды. 

Маалыматка ылайык, мамлекеттик түзүмдөр тарабынан каржылык мыйзам бузуулар 1,5 миллиард сомдон ашты, резервдер жана бюджеттик жоготуулар 4,9 миллиард сомду, ал эми каражаттарды сарамжалсыз пайдалануу - 1,6 миллиард сомду, коомдук жана башка уюмдарда аныкталган каржылык мыйзам бузуулар - 324 миллион сомду түздү.

Жалпысынан аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы суммасынан 3 миллиарддан ашык сомдун орду толтурулууга тийиш, анын 1 миллиарды же 32,6% кайтарылды.