Панфилов районунда каржылык мыйзам бузуулар 3.1 млн сомду түздү

27 апреля 2021, 14:20

Чүй облусунун Панфилов районундагы каржылык мыйзам бузуулар 20218-2019-жылдары 3.1 млн сомду түздү. Аудиттин жыйынтыгы боюнча эсеп палатасы билдирди.

Акча каражаттарын сарптоодогу мыйзам бузуулар 2,8 миллион сомду түздү, анын ичинде:

  • эмгек акыны негизсиз төлөө - 2,6 млн сом;
  • бухгалтердик эсепке жашырылган дебитордук жана ашыкча көрсөтүлгөн кредитордук карыздар - 251,3 миң сом.

Кошумча, 266,4 миң сом Социалдык фонддун кирешесине чегерилген. Резервдер жана бюджеттик жоготуулар 2.8 миллион сомго аныкталды. Ал эми 760,9 миң сом өлчөмүндөгү каражат максатсыз пайдаланылган.

Бардык текшерилген бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар аныкталган каржылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча буйруктарды алышты.