Финансы министрлиги: 2019-жылы бюджетке 3,8 млрд сом түшкөн эмес

20 февраля 2020, 10:30

2019-жылы республикалык бюджеттин кирешеси белгиленген планда 152 млрд 100,1 млн сом болгон. Ал эми иш жүзүндө 148 млрд 254,1 млн сом түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда финансы министринин орун басары, финансы министрлиги алдындагы борбордук казынанын жетекчиси Марлен Амандыков маалымат жыйын учурунда билдирди. 

Анын айтымында, план 97,5% аткарылган. Пландан 3 млрд 846 млн сом казынага түшкөн эмес. 2018-жылга салыштырмалуу киреше 9,4% же 12 млрд 747,7 млн сомго жогорулаган. 

«Республикалык бюджетке салык кирешелерден 105 млрд 929,4 млн сом түшкөн. 2018-жылга салыштырмалуу салык кирешеси 2,1% же 2 млрд 192,5 млн сомго жогорулаган», - деп билдирди ал.