Финансы министрлиги бардык бош орундарга жарыяланган сынактарды жокко чыгарды

5 февраля 2021, 14:20

Кыргызстандын финансы министрлиги бардык бош орундарга жарыяланган сынактарды жокко чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

 

Министрликтен маалымдашкандай, сынактар ​өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жана анын түзүмүн өзгөртүү жөнүндө президенттин жарлыгынын негизинде жокко чыгарылган. 

Белгилей кетсек, жаңы премьер-министр парламенттин колдоосу менен айрым министрликтер менен ведомстволор кайра түзүлүп, биригип жаткандыгын жарыялаган.