Финансы министринин орун басары коронавирус жуктуруп алды

29 июня 2020, 13:30

Кыргызстандын финансы министринин орун басары Абдыбалы тегин Суеркул COVID-19 коронавирустук инфекциясына чалдыкты. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

 

Маалыматка ылайык, Финансы министрлигинде үч адам илдетке кабылган.

«Биз ведомстводо дезинфекциялоо иштерин жүргүздүк. Бардык байланышта болгон адамдар ПЧР анализин тапшырды. Бүгүнкү күндө Коронавируска каршы күрөшүү штабынын сунушун эске алып, кеңседе иштеген адамдардын саны минималдаштырылды. Көбү аралыктан иштөөгө жөнөтүлдү», - деп билдиришти ведомстводон.