Коронавируска каршы дары-дармектерди алууга 9 млн $ бөлүндү

8 апреля 2020, 14:45

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүү боюнча бөлүнгөн каражаттын 9 млн долларына Саламаттык сактоо министрлиги тез арада медициналык жабдык жана дары-дармектерди алат. Бул тууралуу финансы министрлигинен билдиришти. 

Каражаттарга төмөнкү дары-дармектер алынат: 

— дары-дармек, шприцтер, инфузия топтомдору, жабдыктар, инсинираторлор, медициналык коргонуучу каражаттар; 

— материалдык-техникалык жабдыктар; 

— толук жабдыктары камтылган тез жардам автоунаалары;  

— инфекциянын алдын алуу жана инфекцияны көзөмөлдөө боюнча шаймандар, анын ичинде дезинфекциялоочу каражаттар жана башкалар. 

«Келишимге ылайык каражаттын 4.5 млн $ гранттык негизде, 4.5 млн $ сегиз жылга насыя катары берилет», — деп билдиришти финансы министрлигинен. 

Андан сырткары, Дүйнөлүк банк менен  COVID-19 илдетине ыкчам чара көрүү программасы аркылуу 12.15 млн $ каражат алуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгып калган. Белгилей кетсек, бул долбоор 2020-жылдын 2-апрелинде Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши тарабынан колдоого ээ болгон.