Финансы полициясынын кызматкери бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген

2 марта 2021, 13:25

Финансы полициясы башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

 

Маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Н. кызматтык абалынан пайдаланып, жарандар менен сүйлөшүп алып, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ири өлчөмдөгү каражаттарды өлкөдөн чыгарып кетүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан. Мындан улам өлкөдөн 59,5 миллиард сом сыртка чыгып кеткен. Ошол эле учурда салык төлөөдөн качуу түрүндөгү алдын-ала зыян 500 миллион сомдон ашык болгон. Буга кошумча Финансы полициясынын кызматынын кызматкерлери ишти жашыруу үчүн аталган каналдын уюштуруучуларынан 180 миллион сом өлчөмүндө пара алышкан.

Учурда К.Н. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.