«FINCA Банк» Enactus Kyrgyzstanдын шериктеши болду

24 февраля 2020, 14:30

Enactus Kyrgyzstan менен «FINCA Банк» бирге өнөктөш болушат.  Бул тууралуу  «FINCA Банктын» басма сөз кызматы кабарлады.

Алгачкы келишимге ылайык, «FINCA Банк» «Enactus Kyrgyzstan-2020» улуттук мелдешинин башкы шериктеши болуп дайындалды.

Экинчи келишимге ылайык, «FINCA Банк» Кыргыз Улуттук Университети менен «Ала-Тоо» университеттеринин Enactus командаларына 1 млн сом өлчөмүндө грант бөлүп берет.

Аталган каражаттарды командалар «FINCA Банктын» стратегиялык көз караштарына туура келген социалдык-экономикалык долбоорлорду реализациялоого жумшайт.