Финкөзөмөл криптовалюта сатып алууда алданып калбоону эскертти

11 апреля 2024, 13:10

Акыркы убакта криптоактивдер (виртуалдык актив) рыногундагы транзакциялар менен байланышкан алдамчылык фактыларынын саны өстү. Бул тууралуу Финкөзөмол билдирди. 

Белгиленгендей, бул активдерге кызыгуу өскөн сайын алдамчылык көбөйөт.

Финкөзөмөл кыргызстандык жарандарга криптоактивдерди сатып алууда аталган мекеме (ред. Финкөзөмөл) тарабынан берилген тиешелүү лицензиянын бар-жогун текшерүүнү сунуштайт.