Финансылык көзөмөл «Кыргыз почтасынын» акцияларынын биринчи чыгарылышын каттады

1 августа 2022, 15:05

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы беш акционердик коомдун негиздөөчү чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Ошентип, 25-июлдан 29-июлга чейин Финансылык көзөмөл органы компаниялардын акцияларынын эмиссияларын мамлекеттик каттоодон өткөрдү.

Атап айтканда, “Кыргыз почтасы”, “Ред Маунтинс” ААК, “Аэростар компаниясы” ААК, “Ысык-Көл технологиялык компаниясы” ААК жана “Наша Победа” ЖАК. Компаниялар эми биржада акцияларын чыгарып, листингге чыга алышат.

Мындан тышкары, “АДАТ Групп” ОсДО ломбардына ломбард ишин жүргүзүүгө лицензия, ошондой эле “Элдик” ОсДО ломбардына Ош облусуна филиал ачууга макулдук каты берилди.