Финпол: депутат Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталды

26 мая 2020, 16:00

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, Башкы прокуратура тарабынан катталган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган, анда К.Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналат экен. Ошондой эле, К.Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш уланып жатат.