Күйүүчү майды мыйзамсыз ташып жүргөн кылмыштуу топ кармалды

24 октября 2019, 09:37

Каржы полициясынын кызматкерлери Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү майды мыйзамсыз ташып жүргөн кылмыштуу топту кармады. 

Текшерүү учурунда Кең-булуң айылында 3 чакырымга жеткен  түтүк табышкан. Маалыматка ылайык, кылмыштуу топ бул түтүк аркылуу күнүнө 100 тоннага чейин Казакстандан мыйзамсыз нефти өткөзүп турушкан. 

Андан сырткары, мыйзамсыз иш-аракетке керектелген жабдыктарды сактоочу жай дагы табылган.  

Учурда кылмыштуу топ тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын чыгымы эсептелинип, мамлекеттик органдарда иштеген кылмышка шектүу адамдардын мүчөлөрү дагы иликтенүүдө.