37 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

21 декабря 2020, 10:16

Кыргыз-казак чек арасында күйүүчү майды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынан маалымдашты. 

 

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча финансы полициясы «Чалдыбар-унаа жолу» бекетинин Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте акциз алдындагы топтун товарларынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып кирүү аракетин токтотту.

 

«2020-жылдын 11-декабрында «Чалдыбар-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунан күйүүчү-майлоочу материалды жеңил көмүр суутек аралашмасына жамынтып, бензиндин өзгөчө жыты бар 37 тонна суюк затты алып бара жаткан «Вольво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган. Сурамжылоонун жүрүшүндө аталган унаанын айдоочусу тиешелүү документтерди толугу менен көрсөтө алган эмес, ошондуктан товарларды эсепке алуу пунктунун мобилдик тобу жогоруда аталган жүк ташуучу унааны кармоо жана унаа токтотуучу жайга жайгаштыруу жол-жобосун жүргүзүшкөн», - деп айтылат маалыматта.

 

Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.