Каржы полициясы мыйзамсыз ташылып келе жаткан күйүүчү майды аныктады

18 ноября 2019, 10:04

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын  райондор аралык кызматкерлери Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондорунда жүргүзгөн текшерүүлөрдөн улам «Мерседес Бенз Спринтер» үлгүсундөгү автоунааны кармашкан. Унаада 1 тоннага жакын күйүүчү май мыйзамсыз ташып келе жаткандыгы белгилүү болгон. 

 

 

Автонуаа ээси кошумча май куйуучу бакты көмүрдүн астына  жашырып койгондугу аныкталган. Бул факт кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүүлөрдү жүргүзүү үчүн автоунаа айып төлөөчү жайга токтотулду.