Финансы полициясы Башкы прокурордон оперативдүү кызматкерлерди текшерүүнү суранды
Финансы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев координациялык кеңештин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушевден финансы полициясынын оперативдүү кызматкерлерин текшерүүнү суранды.
Анын айтымында, ал кайрылууну өзүнүн атынан Башкы прокурорго жөнөткөн.
«Мен текшерүү-оператив кызматын толугу менен текшерүүнү сурандым, себеби канча иш, канча материалдар бар. Силер билесиңер, биз тергөө иштерине кийлигише албайбыз. Бул жерден бизге сизден жардам керек», — деп айтты ал.
Андан сырткары, бир тергөөчүгө 60-70 ишти кароо керек болуп жаткандыктан, Жапыкеев штаттын санын көбөйтүүнү билдирди.