Финчалгындоо кызматы жаңы өлкөлөрдү кара тизмеге киргизди

29 июня 2021, 15:30

Мальта Республикасы жана Филиппин Республикасы жогорку тобокелдүү өлкөлөрдүн тизмесине кошулду. Бул тууралуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын сайтында жазылды.

Мындан тышкары, Гаити жана Түштүк Судан үчүн листингдин негиздери өзгөрүлдү.

Ал эми Гана тобокелдиги жогору өлкөлөрдүн катарынан чыгарылды.