Fitch: Дүйнөдөгү мамлекеттердин бюджети 9.7 трлн $ кыскарат

8 июля 2020, 15:15

Эл аралык рейтинг Fitch агенттиги дүйнөдөгү мамлекеттердин бюджети 2020-жылы 9.7 трлн долларга кыскарарын болжолдоп атат. Бул тууралуу ТАСС порталы маалымдады. 

 

«Мамлекеттик фонддордун быйылкы жылы кайра бөлүштүрүлүшүн эске алганда, өзгөрүүлөр чындыгында олуттуу болушу керек. Fitch Ratings божомолунда, мамлекеттердин балансында турган каражаттар быйыл 9,7 триллион долларга (ИДПнын 12%) азаят жана мамлекеттик карыз 76 триллион долларга (ИДПнын 95%) жетет», — деп жазылат маалыматта. 

 

Агенттиктин талдоочуларынын айтымында, учурдагы финансы өзгөчөлүк, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик чыгымдардын кескин көбөйүшү менен байланыштуу. 

Агенттиктин божомолуна ылайык, дүйнөлүк номиналдык ИДПнын көлөмү 2020-жылы дээрлик 6% төмөндөйт жана чыгымдар 3 трлн долларга жакындашы мүмкүн.