ММК фонду жеңилдетилген категориядагы бейтаптарга 23,7 млн сом төлөгөн

23 июля 2021, 16:00

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында 2021-жылдын алты айында жеңилдетилген категориядагы бейтаптарга жалпы суммасы 23,7 млн сомдук 46,5 миң рецепт берилген. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтында маалымдалды.

Бейтаптардын артыкчылыктуу категориясына психикалык бузулуулар, эпилепсия, бронхиалдык астма жана рак менен ооругандар кирет.

Региондордун контекстинде, компенсациянын максималдуу суммасы Чүй облусунда катталган, аймакка жалпысынан 5 млн 654 миң сом бөлүнгөн, бул бардык сумманын 24% түзөт.