ММК фонду дарыгерлерге 186,3 млн сом кенемте төлөдү

20 октября 2021, 11:14

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 20-октябрда август айы үчүн медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөй баштады. Жалпысынан 186 миллион 314 миң 965 сом каржыланганын фонддун басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын августунда саламаттык сактоо уюмдарынын 14 миң 773 кызматкерине, анын ичинде 6 миң 246 дарыгерге, 4 миң 491 медайымдарга, 1 миң 884 кенже медициналык кызматкерлерге жана 2 миң 152 башка кызматкерлерге кенемте төлөнгөн.