Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ооруканаларды оңдоп-түзөөгө 78.7 млн сом бөлгөн

6 января 2021, 16:00

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканалардын жугуштуу оорулар бөлүмүн оңдоп-түзөө үчүн каражат бөлдү. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы кабарлады. 

 

 

Дүйнөлүк банктын пандемия маалында ыкчам жардам көрсөтүү долбоору боюнча оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана инфраструктурасын жакшыртуу боюнча тогуз оорукана тандалып алынган. 

Жалпысынан 78 млн 700 миң сом каражат жумшалат. 

 

 

Кошумчалай кетсек, азыркы учурда төмөнкү 9 оорукананы оңдоп-түзөө үчүн жарыяланган тендер соңуна чыкты.