ММКФ 2.7 млн $ жеңилдетилген дары-дармек берген

13 ноября 2019, 11:31

Үстүбүздөгү жылдын  январь-сентябрь айларында медицина кызматкерлери 925 миң жеңилдетилген дары-дармек жазып беришкен.  Жалпы сумма 187 млн сомду (2.7 млн $) түзгөн. Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирет. 

Пенсионерлерге 351 миң дары-дармек, калкка кызмат кылгандарга 182 миң, жаш балдарга - 145 миң, жөлөк пул алгандарга - 94 миң, фермерлерге - 39 миң, боюнда бар аялдарга - 98 миң дары-дармек жазылып берилген.