Баткен облусундагы медициналык кызматкерлерге 15.8 млн сомго компенсация төлөнүп берилди

16 ноября 2020, 11:15

Баткен облусунда 876 медициналык кызматкер октябрь айындагы компенсациялык төлөмдөрүн ала алышты. Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтында маалымдалат. 

Жалпысынан Баткен облусу боюнча ММКФ компенсациялык төлөмдөргө 15.8 млн сом бөлүп берген. 

Кошумчалай кетсек, Кызыл-Кыя шаарынын аймактык ооруканасында 218 кызматкерге компенсация төлөнүп берилди.