ММК фонду медициналык мекемелерге 524,8 млн сом төлөп берди

6 июля 2021, 14:00

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2021-жылдын январынан 1-июлуна чейин 5-этаптагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган 1,7 миңден ашуун бейтапка бюджеттик программалуу гемодиализ берген медициналык мекемелерге 524,8 миллион сом каржылаган. Бул тууралуу фонддон билдиришти. 

Бейтапка берилген ар бир гемодиализ сеансы үчүн ММК фонду уюмдарга 4700 сом төлөйт. Учурда программага 33 мекеме катышып жатат, анын 29у жеке менчик жана төрт мамлекеттик ооруканалардын "Жасалма бөйрөк" бөлүмү.

Бош калган бюджеттик диализ орундарына пациенттерди бөлүштүрүү комиссияга берилген документтердин пакетинин негизинде түзүлгөн "өтө муктаж бейтаптар" тизмесинен алынган ырааттуулуктун негизинде жүргүзүлөт. Учурда диализ алуу үчүн кезек күтүү дээрлик жок.