Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фонду насыя эмне үчүн доллар менен берилерин түшүндүрдү

4 декабря 2020, 15:00

Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фонду насыяларды доллар менен берет.  Бул тууралуу фонддун директору Андрей Широков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

Ал белгилеп өткөндөй, фонд биринчи кезекте бюджеттин төлөм балансын жогорулатуу үчүн насыя берет. 

«Насыяны резервдик валюта менен бергенде, биз дароо эки маселени чече алабыз. Биринчи — кошумча каржылоо жана экинчи — биз бир учурда өлкөнүн аярлуу катмарын азайта алабыз», — деп кошумчалады аткаруучу директордун кеңешчиси Сергей Улатов.