Президенттин фондуна бюджеттен бөлүнгөн акча августта 16 эсе көбөйдү

2 сентября 2022, 14:15

Каржы министрлиги август айында президенттик фонддун бюджетине 320 миллион сом пландаган. Буга республикалык бюджеттин кассалык планынын маалыматтары далил.

Мындан бир ай мурун, 2022-жылдын июль айында мамлекет башчынын фондуна 20 миллион сом каралган. Муну менен пландаштырылган чыгаша былтыркы июль айындагы көрсөткүчтөн 300 миллион сомго көп.

Президенттик администрация мамлекет башчынын фонду үчүн бюджетте каралган сумманын эмне себептен көбөйгөнү боюнча комментарий бере элек.