Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду 46 долбоорго демөөрчү болот

20 апреля 2021, 13:40

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңеши бюджетти түзүүчү 46 долбоорду каржылоону жактырды. Ошондой эле, 2021-жылдын планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.

Каржылык колдоого ээ болгон бардык долбоорлор айыл чарбасын, сүт жана эт азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларды, багбанчылыкты, экотуризмди, балык өстүрүүнү өнүктүрүүгө, темир-бетон, кондитердик жана эмерек цехтерин жана билим берүү борборун ачууга багытталган.

Каржылоо райондор жана шаарлар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт.

  • Тоң району - 7 долбоор;

  • Жети-Өгүз району - 7 долбоор;

  • Ак-Суу району - 8 долбоор;

  • Түп району - 7 долбоор;

  • Ысык-Көл облусу - 4 долбоор;

  • Балыкчы шаары - 3 долбоор;

  • Каракол - 10 долбоор.