«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» уставдык капиталды көбөйтөт

3 августа 2022, 16:09

“Ишкердикти өнүктүрүү фонду” ААКнын акционерлеринин кезексиз жыйынында компаниянын уставдык капиталын 100 миллион сомго көбөйтүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Бир акциянын номиналдык наркы 100 сом болгон 1 миллион акция көлөмүндө жөнөкөй акциялардын бешинчи чыгарылышынын кошумча эмиссиясы өткөрүлөт.

Мындан тышкары, жүгүртүү мөөнөтү үч ай болгон акцияларды жабык жайгаштырууну жалгыз акционерге – Каржы министрлигине өткөрүү чечими кабыл алынды. Акцияларды жайгаштыруунун башталышы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматында эмиссия мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып кийинки күндөн тартып эсептелет.