«Ишкердикти өнүктүрүү фондунун» уставдык капиталы көбөйтүлөт

12 марта 2024, 11:12

"Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы уставдык капиталын көбөйтөт. Кыргыз фондулук биржасынын биринчи рыногунда 4 миллион акция сатылды.

Бир акциянын баасы 100 сомду түздү. Жалпысынан 400 миллион сомдук акциялар сатылды.

Белгилеп кетсек, “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы Каржы министрлигине карайт жана Кыргызстандагы ишкерлерди колдоо багытында иш алып барат.