Фонд ишкерлерге 374,7 млн сомго кепилдик берди

14 мая 2021, 12:30

Быйылкы жылдын 12-майына карата экономиканын ар кайсы тармактарында иш алып барган бардык региондордун ишкерлерине 374,78 миллион сом суммасында 307 кепилдик берилди. Бул тууралуу Кепилдик фондунун сайтында маалымдалды.

Өнөктөш банктар тарабынан берилген насыялардын жалпы суммасы 1 миллиард 247,13 миллион сомду түздү (кепилдиктердин үлүшү 30%).

Кошумчалай кетсек, “Кепилдик Фонду” ААК өз ишинин башталышынан бери ишкерлерге 2 миллиард 666,17 миллион сом суммасында 1 миң 989 кепилдик берген. Берилген насыялардын көлөмү 9 миллиард 156,6 миллион сомду түздү (кепилдиктердин үлүшү 31%).