Матрезерв кант жана май сатып алуу үчүн өкмөттөн 318 млн сом бөлүндү
Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна кант жана май сатып алуу үчүн 318 миллион сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков "Facebook" баракчасында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин 228 тонна шекер жана 392 тонна май алынган. Аларды аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арзан баада таркатуу механизми иштелип жатат.
Эске салсак, биринчи вице-премьер-министр Жогорку Кеңештин жыйынында товарлардын төрт түрүнө баалар 1-июнга чейин көтөрүлбөйт деп айткан.