Форма №2 боюнча 441 миң 10 адам добуш берет

4 октября 2020, 11:05

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 523 миң 532 адам добуш берүүгө катышат.

Өлкө аймагы боюнча 2 миң 475 шайлоо тилкелери ачылган, ал эми чет өлкөлөрдө – 45. Мындан тышкары дагы 11 кошумча шайлоо тилкеси ачылган: Ошто 10, Москвада 1.

Форма №2 боюнча 441 миң 10 адам шайлоого добуш берет. 437 миң 384 кыргызстандык шайлоодо добуш берүүгө катыша албайт, алар биометрикалык каттоодон өткөн эмес.