Кыргыз-казак жаш саясатчылары жаңы дипломатиялык багыттарды баштады

1 мая 2019, 15:44

Борбордо биринчи кыргыз-казак жаш депутаттардын форуму жыйынтыкталды. Ал Астананын дипломатиялык клубу тарабынан уюштурулган.  

Иш чарага Казахстандын Маалымат жана коомдук макулдашуу Министрлигинин жарандыккоом боюнча комитети, жаш депуттар ассоциацииясы, жергиликтүү  кеңештин депутаттары, бизнесмендер менен эксперттер, өкмөттүк эмес уюмдар катышты.

Талкууга алынган негизги тема аймактарды өнүктүрүү. Ошондуктан, эки тараптын кызматташтыгын күчөтүп, аймактык диологду жандантып, саясий байланыштарды бекемдөө.

«Жолугушуулар эки боордош элдин  байланышын күчөтуп, ЕАЭБ  жана Бажы биримдиги боюнча дагы кызматташууну күчөтөт деген пикирдебиз. Жогорудагы форум келечекте Борбордук Азиядагы акталдуу маселерди талкууга алуучу абройлуу аянт болот», -деп билдирди Астана диплломатиялык клубунун  президенти  Кайырболат Сахметов.

Жолугушуунун жыйынтыгында «жол  картасы»  түзулуп, андан ары  кызматташууга максаттар коюлду. Мындан тышкары  Сахметова «Казахстан-Кыргызстан»  аттуу элдик дипломатиялык уюм  түзүүнү  зарылдыгын билдирди. 

Форумдун чоңунда уюштуруучулар  Times bar жогорку деңгээлдеги уюштуруу жасагандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.