Франция «жашыл долбоорлорду» өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 500 миң евро берет

17 марта 2023, 14:13

Франциянын борбору Париж шаарында Кыргызстандын Каржы министринин орун басары Руслан Татиков, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер Нияз, Париж клубунун башкы катчысы Филипп Гайон Дюперат жана Франциянын Экономика финансы департаментинин директору Винсент Принго жолугушту. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Жолугушууда Каржы министринин орун басары Руслан Татиков Кыргызстан бардык насыя берген тараптар менен айлана-чөйрөнү коргоо, экология тармагындагы долбоорлору боюнча сүйлөшүп жатканын, социалдык маанилүү тармактарга карызды алмашуу сунушун берип жатканын билдирди. 

“Париж клубуна дүйнөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга салым кошо турган Кыргызстанда Трасттык фонд түзүү аркылуу жашыл долбоорлорду ишке ашырууга катышуу сунушталды”, - деп айтылат маалыматта. 

Жыйынтыгында француз тарап Кыргызстан менен артыкчылыктуу долбоорду иштеп чыгуудагы техникалык-экономикалык негиздемени, бизнес-пландарды даярдоого 60 миллион еврого чейин кредиттик линияны ачууну, 500 миң еврого чейин грант бөлүүнү макулдашты.