Францияда 1 млн доллардан ашык байлыгы менен дээрлик 3 млн адам жашайт

18 августа 2023, 14:45

Францияда миллион доллардан ашык байлыгы менен дээрлик 3 миллион адам жашайт. Бул тууралуу жергиликтүү журналисттер Швейцариянын банкына таянып жазып чыгышты.

Эсептөөлөргө караганда, аталган өлкөдө дүйнөдөгү миллионерлердин дээрлик 5 пайызы жашайт.

Рейтингде АКШ 22,5 миллиондон ашык супер байлары менен биринчи орунда турат. Экинчи сап Кытайга таандык, ал жакта 6 миллион 230 миң капчыктуу адам отурукташкан.