4,9 миң тонна азык-түлүк экспортко текшерүүдөн өттү

18 сентября 2019, 09:33

Айыл – чарба тамак-аш өнеөр-жай жана мелиорация министрлигинин астындагы карантин бөлүмү 9 – 13 – сентябрь күндөрү 468 фитосанитардык күбөлүк тапшырды жана 952 фитосанитардык карантиндик текшерү актысын берди. Бул маалыматты өсүмдүктөр карантинин бөлүмү билдирет. 
 

Адистер 1134,28 тонна жашылча, 2104,92 тонна жемиш, 14 тонна жаңгакты, 617 тонна беде, 160 тонна азык-түлүк жана 864,54 тонна кургак жемишти  мамлекеттик чек арадан экспортко  кетүүчү текшерүүдөн өткөрүштү. 

Импорттук азык-түлүктөн 5774 тонна жемиш, 931,8 тонна азык-түлук, 40,3 тонна цитрус жемиштери, 1434,1 тонна жашылча, 442,11 тонна жаңгак жана 18,31 тонна кургатылган жемиштер текшерүүдөн өттү.