Кыргызстандын футбол бирлиги стадион үчүн Кытайдан акча сурады

20 мая 2021, 16:00

Канатбек Маматов Кытай Элчиси Ду Дэвэнь менен Кыргызстанда жаңы заманбап стадион куруу мүмкүнчүлүгүн жана футболду өнүктүрүү боюнча башка долбоорлорду талкуулады. Бул тууралуу Футбол бирлигинин сайтында жазылды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Маматов КЭРдин акчасына улуттук футбол стадиону жана бассейн курулуп жаткан Беларуссияны мисал келтирди. 

Кытай элчиси стадионду куруу маселеси мурунку бийлик менен сүйлөшүлгөнүн, бирок маселе аягына чейин чыккан эмес деп жооп берди.

Элчи Ду Дэвэнь кошумчалагандай, заманбап стадион куруу мамлекеттин артыкчылыктуу багыты болсо, анда долбоордун ишке ашуусуна мүмкүнчүлүк бар.