«Кепилдик фонду» менен Түркиянын кредиттик кепилдик фонду кызматташуу боюнча макулдашты

3 ноября 2021, 13:53

Түркиянын Соода палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) делегациясынын иш сапарынын алкагында “Кепилдик фондунун” башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров менен Түркиянын кредиттик кепилдик фондунун жетекчиси Эрдоган Өсеген жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн гарантиялык фонддорунун жетекчилери Кыргызстандагы "Кепилдик фонд" ААКтын өнүгүү келечегин жана ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулашты. Ошондой эле кичи жана орто бизнестин каржылоого жеткиликтүүлүгү жана ишкерлерди мамлекеттик деңгээлде колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Малик Абакиров менен Эрдоган Осеген кепилдик системасы жаатында өз ара пайдалуу кызматташууну макулдашты.

Эске салсак, 29-октябрда Түркиянын Соода жана биржалар палаталарынын биримдигинин (TOBB) делегациясы Кыргызстанга келген. Түрк делегациясына кайра жаралуучу жана гидроэнергетика, айыл чарба, туризм тармагындагы долбоорлор, ошондой эле инфраструктуралык долбоорлор сунушталды. Маалым болгондой, келечекте TOBB Кыргыз Республикасына инвестиция тартууга көмөк көрсөтөт.