«Кепилдик фонду» Жашыл климаттык фонд менен кызматташат

15 марта 2024, 10:40

Кыргыз делегациясынын Түштүк Кореяга болгон жумушчу сапарынын алкагында “Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров Жашыл климаттык фонддун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу “Кепилдик фонддун” басма сөз кызматы билдирди. 

Сүйлөшүүдө тараптар жашыл экономика алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты, ошондой эле уюмдардын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалымат алмашты. 

“Өзгөчө маани жашыл ишкердикти өнүктүрүү аркылуу климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн банктар аркылуу жашыл насыя берүүгө бурулду”, - деп айтылат маалыматта.