Кепилдик фонду дагы бир комбанк менен келишим түздү

25 августа 2021, 16:00

"Кепилдик фондунун" башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров менен "Дос-Кредобанктын" башчысы Чолпон Эшбердиева кызматташуу келишимине кол коюшту.

"Дос-Кредобанктын" башкармалыгынын төрагасы Чолпон Эшбердиева банк чакан жана орто бизнес секторуна фонддун кепилдиги астында кредиттик ресурстар менен камсыз кылууга даяр экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, аталган банк менен келишим түзүлгөндөн кийин ишкерлерди колдоо боюнча "Кепилдик фондунун" өнөктөш банктарынын саны 17ге жеткен.