«Кепилдик фонду» дивиденддерди төлөөгө 100% кирешесин багыттады

25 апреля 2023, 13:01

Өткөн аптада “Кепилдик фонд” ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өттү. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Ага Улуттук банк жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү, төрага Бактыбек Базарбаев баштаган директорлор кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле “Кепилдик фонд” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров катышты.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар маселелер каралды, анын ичинде фонддун директорлор кеңешинин жана башкармалыгынын отчеттору угулду.

Акционерлер “Кепилдик фонд” ААКнын 100% кирешесин акционерлерге дивиденддерди төлөөгө чегерүү чечимин кабыл алышты.