Кепилдик фонду бизнеске 14 млрд сомго насыя алууга мүмкүнчүлүк берди

5 июля 2022, 13:15

Төрт миллиард сомдук кепилдиктер өлкөнүн кичи жана орто бизнесинин 14 миллиард сомдон ашык суммадагы кредиттерге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылды. Бул тууралуу Кепилдик фонду билдирди.

Кепилдик фонду ишмердүүлүгүн баштагандан бери күрөө жагынан кыйналган ишкерлерге 2 миң 655 кепилдик берген.

Кепилдиктердин суммасы 4 миллиард сомдон ашты, анын ичинен дээрлик 2,7 миллиарды региондордо чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган, бул берилген кепилдиктердин жалпы көлөмүнүн 67%ын түзөт.

Күрөө өнөктөш-банктарга ишкерлерге 14 миллиард сомдон ашык насыя берүүгө мүмкүндүк берди.

Кепилдиктердин 50%дан ашыгы айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилген – тиешелүүлүгүнө жараша 46% жана 5%.