Кепилдик фонду бизнеске 1 млрд сомдон ашык колдоо көрсөттү

19 апреля 2023, 14:10

Ушул жылдын үч айынан ашык убакытта “Кепилдик фонду” ААК 1,7 миң ишкерге 1 миллиард 78 миллион сомдон ашык колдоо көрсөттү. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Кепилдик инструмент — өткөн жылдын аягында киргизилген портфелдик кепилдиктер берилген кепилдиктердин жана кредиттердин көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Бул ишкерлерге 2 миллиард 66 миллион сомго насыя алууга шарт түздү.

"Фонд өз ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилинде 6 млрд 374 млн сомдон ашык суммага 5,2 миңден ашык кепилдиктерди берген. Анын алкагында атамекендик бизнести 20 миллиард 681 миллион сом өлчөмүндө кредиттик каржылоого мүмкүнчүлүк болду”, - деп белгиледи фонд.