«Кепилдик фонд» ишкерлерге 43.4 млн сомго насыя берген

24 ноября 2020, 13:10

Региондогу ишкерлерге насыя берүү үчүн «Кепилдик фонд» 43.4 млн сомго 16 кепилдик берген. Каражаттар Россия-Кыргыз өнүгүү фонду тарабынан 100 млн сомду берилген. Анын 43% жумшаган,-деп маалымдашты фонддун басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, ишкерлерге 790 млн сомго 1.5 миң кепилдик берилген. Банк аркылуу бекитилген насыянын көлөмү 3.1 млрд сомдон ашты. 

Фонд ачылгандан бери 2.4 млрд сомго  3.1 миң кепилдик берген. Жалпысынан банк-өнөктөштөр аркылуу фонд 8.7 млрд сомго насыя берген.