Кепилдик фонду жарандарга ипотека алууга жардам берет
"Мамлекеттик ипотекалык компания" Башкармалыгынын төрагасы Аида Толгонова Кыргыз Республикасынын Кепилдик фондунан ипотекалык насыя алууда кепилдик берүү механизми тууралуу айтып берди.
Учурда ипотекалык турак жайдын наркынын 10%дан 30%га чейинки баштапкы төлөм боюнча кыйынчылыктар жаралса, банктар Кыргызстандын жарандарына Кепилдик фонду менен ипотекалык насыя берери такталды.