Кепилдик фонду Агроөнөр жай комплексинин бирикмесине мүчө болду

17 июля 2023, 11:33

"Кепилдик фонду" ААК менен Агроөнөр жай комплексинин ассоциациясынын жолугушуусунун жыйынтыгында кызматташуу келишимине кол коюлду. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Уюмдардын ортосундагы келишимге ылайык, "Кепилдик фонду" эми ассоциациянын курамына кирет.

Белгилеп кетсек, учурда агроөнөр жай комплексинин курамына айыл чарба тармагындагы 90дон ашык ишкана бар.