«Кепилдик фонду» 420,2 миллион сомго каражат берди

10 июня 2021, 09:40

Ушул жылы “Кепилдик фонду” ААК 420,2 миллион сом суммасында 354 кепилдик берди, ал эми өнөктөш банктар тарабынан берилген насыянын көлөмү 1 миллиард 444 миллион сомду түздү. Насыянын жалпы көлөмүндө кепилдиктердин үлүшү 29% болду. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалды.

Жалпысынан иш-аракет башталгандан бери 2 миллиард 36 кепилдик 2 миллиард 712 миллион сом суммасында берилген. Өнөктөш банктар тарабынан берилген насыянын көлөмү 9 миллиард 354 миллион сомду түздү (кепилдиктердин үлүшү - 29%).