Гараждык кооперативдер шаарга 69 млн сомдон ашык карыз

25 ноября 2022, 15:12

Быйыл 1-ноябрга карата жер тилкесин пайдаланган гараж кооперативдери муниципалитетке 69 млн 40,7 миң сом карыз экендиги аныкталган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Бишкек шаардык башкы архитектурасынын маалыматы боюнча, борбордо 53 гараж кооперативи бар. Анын 13ү гараж кооперативинин жеке менчик укугуна  ээ мамлекеттик актылары бар. Ал эми 40ы муниципалдык болуп саналат. 

“Борбордун мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн адистери жарандар арасында учурдагы гараждардын астындагы муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу боюнча келишим түзүү маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин улантууда”, - деп айтылат маалыматта.