«Газпром» менен өкмөт газ тармагын өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту

11 ноября 2023, 13:40

Питер Эл аралык Газ Форумунун алкагында “Газпром” жана Министрлер кабинети газ тармагын өнүктүрүүдө кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, меморандум газ тармагында узак мөөнөттүү өз ара кызматташууга, ошондой эле электр энергетикасында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө багытталган.

Меморандумга “Газпром” ААК Башкармалыгынын Төрагасы Алексей Миллер жана Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө кол коюшту.

Тараптар республиканын газ транспорттук жана газ бөлүштүрүү системаларынын күз-кыш мезгилине карата даярдыгын талкуулашты. “Газпром Кыргызстан” өндүрүш объекттеринде бардык зарыл болгон техникалык иш-чараларды аткаргандыгы белгиленди.