«Газпром»  3% акциясын бир колго сатып жиберди

27 июля 2019, 08:26

«Газпром»  3% акциясын бир колго сатып жиберди. «Газпромдун»  693 млн акциясын сатып алууну каалаган инвесторлор  көп болчу. Бирок, 3% акцияны сатып алган ким? Азырынча, ачыкталган жок. 

Ушул жумада «Газпромдун»  «туунду компаниялары»  2,93% акциясы бир инвестордун колуна өттү. Бул тууралуу «Газпромдун» Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Фамил Садыгов билдирди. 


«Бир ири сатып алуу канаттандырылды. Сатып алуу «баары же эч нерсе эмес» деп талап койгон арыз болгон. Ошентип, суроо талаптын  70% түздү», —деп билдирди ал. 

Бирок,  «Газпромдун»  Gazprom Gerosgaz Holdings BV  менен  Rosingaz Limited сатыгына коюлган 693 миң акциясын ким сатып алганын  Садыгов  ачыктаган эмес.

Болгону  «Газпромдун» акцияларына болгон кызугуу  1,4 эсе кымбаттап,  «жагымдуу баада»сатылган.  «Газпромдун»ар бир акциясы 200,5 рублга сатылган.



«Газпром» сатыкка кананттанууда. Бул  2012-жылдан бери ири сатык болду.  Акцияны сатуу 2,93%  акционерлер менен компанияга зор кирешще алып келди», — деп кошумчалады Садыгов.


 «Газпромдун»  акцияларынын сатылышына байланыштуу Москванын биржасында өсүү болгон. Жума күнү эртен менен  чек 234,99 рублга бир даанасы сатылса, бул буга чейинки сатык  7,3% өскөнүн көрсөтөт. Ал эми Москва убактысы боюнча саат   15:10 мск «Газпромдун» бир акциясы  Москова биржасында  232,96 руб. (+6,37%  бул ага чейинки сатыктан жогору).