Кыргызстандын кайсы жеринде жогорку маяна төлөнөт?

27 апреля 2023, 13:14

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы 30 миң 93 сомду түздү.

Ошол эле учурда республикада эң аз айлык алгандар Ош облусунда, орточо айлык акы 23,2 миң сом деп белгиленген.

Мында эң жогорку орточо эмгек акы Ысык-Көл облусунда белгиленген – 37,2 миң сом.

Мындай көрүнүш Жети-Өгүз районунда жайгашкан Кумтөр кен ишканасына байланыштуу пайда болду. Айтмакчы, дал ушул райондо орточо айлык 84 миң сомдон ашат.